Биз менен байланышыңыз

Кадамжай: Лениндин эстелигинин алынуусу боюнча аким комментарий берди

Кыска кабар | 28 Ноя 2023 | 230 | 0

Баткен облусунун Кадамжай райондук администрациясынын имаратынын алдындагы Лениндин эстелиги алынды. Бул тууралуу райондун акими Кутпидин Шакиров «Маралга» кабарлады.

Аким Лениндин эстелигин алуу чечими бир топ тарыхчылар менен кеңешип кабыл алынганын белгиледи.

Шакиров анын ордуна кыргыз элинин улуу инсандарынын эстелиги тургузуларын айтты.

«Бул административдик корпустун астындагы эстелик болчу. Быйыл Лениндин эстелигин алып, анын ордуна кыргыздын улуу, залкар инсандарынын эстелигин коюуну пландаганбыз. Учурда реконструкциялоо иштерин баштадык. Бул боюнча кээ бир коммунисттер, тарыхчылар менен макулдашып ушундай чечимге келдик. Кадамжайдан бир топ тарыхый, улуу инсандар чыкканын билебиз. Ошол инсандардын бирөөсүнүн эстелигин коебуз. Азыркы учурда бир-эки улуу инсандын эстелигин даярдап жатабыз. Биз Лениндин эстелегинин ыргытып жиберген жокпуз. Анын эстелигин жылдырып жатабыз. Анын айкели бир топ жерлерде бар», — деди ал.

Ошондой эле аким Шакиров бул жерде эч кандай саясат жок экенин кошумчалады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM