Connect with us

Бишкекте бир жумада 38 мончо текшерилди

Кыска кабар | 27 Ноя 2023 | 256 | 0

Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөөнү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин алкагында өткөн жумада 38 мончо жана сауна текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө тигүү калдыктарын, резина жана пластмассаларды мыйзамсыз өрттөө фактылары аныкталган жок.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери экологияны жакшыртуу максатында 198 рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы суммасы 478 миң сомго 41 протокол түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM