Биз менен байланышыңыз

УКМК Токтогулдун мэри жана уулу кармалганын билдирди

Кыска кабар | 27 Ноя 2023 | 355 | 0

Токтогул шаарынын мэри Т.Э.А. кен байлыктарды басып алуу жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштуруу, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланышууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагындагы кварц кенин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, рейдерлик жол менен басып алууну уюштуруу фактысы аныкталды.

2022-жылы Токтогулдун мэри жогоруда аталган кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, менчик ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган. Бирок менчик ээси андан баш тарткан. Ал эми Токтогулдун мэри белгисиз адамдарды, анын ичинде И.Б.А. аттуу «Дөө Чынгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунан Токтогул шаарынын «байкоочусу» болом деп өзүн тааныштырган жаран да болгон.

Андан соң жогоруда аталган адамдар физикалык күч колдонуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркутуу жолу менен жеке ишкерди аларга ишкананын 50% үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлашып, мэрдин уулунун атына каттатып коюшкан.

Кварцты мыйзамсыз казып сатуу иштери жүргүзүлүп, андан түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен биргеликте Токтогул шаарынын мэри алып турган. Өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу Э.у.А., ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.Б.А. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM