Биз менен байланышыңыз

Ош милициясындагы мушташ: Үч орун басар иштен алынды

Кыска кабар | 27 Ноя 2023 | 402 | 0

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлары ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарга Ош ОИИБдин жетекчилигинин мушташып жатканын маалымдаган видео тараган. Окуя боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте териштирүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында окуя ушул жылдын 23-ноябрында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин астында болгону тастыкталган. Далил катары кандын тактары жана үйдүн алдындагы көзөмөл камерадан видео алынган.

Бул фактыны Ош шаардык ички иштер башкармалыгы маалымматтардын электрондук журналына катталган. Учурда соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалып, мушташка катышкан кызматкерлерди, окуяны көргөн күбөлөрдү Тергөө кызматына чакыруу үчүн тиешелүү тараптарга тапшырмалар берилген.

ИИМдин ички иликтөө кызматы чыгарган корутундунун негизинде «укук коргоо органдарынын тартиптик уставын одоно бузганы, кол алдындагы кызматкерлерге мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти жетиштүү деңгээлде үйрөтпөгөнү үчүн, ички иштер органдарынын аброюна шек келтирген окуяга жол бергени үчүн» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, полковник Жеңиш Жоробеков кызматтык эскертүү алган.

Ошол эле учурда мушташка катышкан ыкчам иштер боюнча орун басар, полковник Алмаз Усеналиев, коомдук коопсуздук боюнча орун басар, полковник Салмоорбек Шералиев, кадр иштери боюнча орун басар, полковник Улан Асанбаев кызматынан бошотулган.

«Кызматкерлердин бул жүрүм-туруму кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу принциптерин бузган. Ички иштер министрлиги өздүк курамдын адеп-ахлаксыз жүрүм-турумуна эч качан сабырдуулук менен мамиле кылбайт. Бул ведомствонун ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгилейт. Милиция кызматкерлеринин ушул сыяктуу жүрүм-турумуна мыйзам чегинде эң олуттуу жана катаал мамиле кылынат», — деп эскертет ИИМ жетекчилиги.

Окуя боюнча топтолгон материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлгөнү, алардын корутундусуна жараша юридикалык баа берилери айтылган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM