Биз менен байланышыңыз

Бишкектин ышы: Мэрия сауна-мончолорду текшерип жатат

Кыска кабар | 26 Ноя 2023 | 315 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте тыюу салынган заттарды отко жактырбоо боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаарды көрктөндүрүү иштерин көзөмөлдөө инспекциясы өткөн жумада 38 саунаны жана мончону текшерип, резина, чүпүрөк, желим заттарды мыйзамсыз өрттөгөн фактыларды тапкан эмес.

Айта кетсек, бул жаатта жыл башынан бери 198 ирет текшерүү жүргүзүлүп, анын алкагында 478 миң сомго 41 протокол түзүлгөн.

Бишкек мэриясы жуунучу жайлардын ээлерине табиятка зыянсыз отундун түрлөрүнө өтүүнү сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM