Биз менен байланышыңыз

УКМК: ЖК депутатынын атасы кылмыштуу жолдон баш тартты (видео)

Кыска кабар | 26 Ноя 2023 | 649 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү активдүү жүрүп жатканын кабарлап, криминалдык жолдон баш тарткандар тууралуу маалымат берди.

Билдирүүдө айтылгандай, Ноокат районунун Герей-Шерон айылынын 1980-жылы туулган тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы криминалдык топтун башчысы делип жүргөн Малабаев Гүлжигит Карабаевич кылмыштуу топтон баш тарткан.

Ал 2019-жылдан бери «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгында каттодо турган. Ушул жылдын 23-сентябрында курал-жарак, ок-дарыны, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Учурда Ош шаарындагы №25 тергөө абагында сурак берип жатканы айтылды.

Аны менен катар Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаевдин атасы кылмышкерлер чөйрөсүнө «Дед Хасан, прокурор» ысымдары менен таанымал, Раззаков шаарынын 1964-жылы туулган тургуну Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевичти да кылмыштуу топтон баш тарттыруу иштери жүргөнү айтылды.

УКМК берген тизмеде булардан тышкары төмөнкүлөрдүн да аттары аталган:

  • Абдырахманов Равшанбек Орозбаевич (Равшан тентек) — Баткен шаарынын 1967-жылы туулган тургуну, улуту кыргыз. 2013-жылдан бери Кадыр Досонов уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Баткен облустук ички иштер башкармалыгында каттоодо турат.
  • Рахманкулов Асланбек Маматбекович (Голова) — Кызыл-Кыя шаарынын 1973-жылы туулган тургуну, улуту кыргыз. 2015-жылдан бери Кадыр Досонов уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат.
  • Саидбаев Ильяз Мамединович (Илюха) — Кызыл-Кыя шаарынын 1983-жылы туулган тургуну, улуту кыргыз. 2010-жылдан бери Кадыр Досонов уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам каттоосунда турат.

Айта кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-ноябрда Жогорку Кеңеште өткөн жыйында кылмыштуу топторго каршы аёсуз күрөш жүрүп жатканын айтып, мындан ары «Матраимов, Көлбаев, Женго» деген болбосуна убада берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM