Connect with us

«Үй, жер сатам» деп, 70тен ашык адамды алдап кетүүгө шектүү кармалды

Кыска кабар | 24 Ноя 2023 | 1645 | 0

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүнү кармашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө кырктан ашык, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө ондон ашык, ошондой эле Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына жыйырмага жакын адамдан 1985-жылы туулган К.М. аттуу аял алдап кеткени боюнча арыз түшкөн.

Арыздардан белгилүү болгондой, шектүү К.М. өзүн үйлөрдү, жер тилкелерин сатуу менен алектенген кызматкер катары тааныштырып, башка эле адамдарга тиешелүү болгон үйлөрдү, жеке турак жай курууга берилбей турган жерлерди көрсөтүп, адамдардан акча алып, андан соң изин суутуп кетип турган.

Жабырлануучулардын биринин арызында курулушу бүтө элек кабат үйлөрдүн биринин батирин көрсөтүп, 60 миң долларын алгандан кийин дайнын таптырбай кеткени айтылат. Ушундай эле жол менен дагы бирөөнөн 100 миң доллар алып койгон.

Укук коргоо органдарында ушул эле аялга байланышкан жалпысынан 70тен ашык арыз катталган. Алар алдатып ийген акчанын болжолдуу суммасы 500 миң доллардан ашат.

Бул фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн анкеталык маалыматтарын бир канча жолу, аты-жөнүн төрт жолу өзгөрткөнү, өңү-түсүн, сырт келбетин да бир нече ирет өзгөртүүгө жетишкени аныкталган. Ленин райондук ички иштер бөлүмү 2022-жылы бул аялдын үстүнөн жер тилкесин сатуудагы алдамчылык боюнча иш козгогон.

Кылмышка шектүү кечээ, 23-ноябрда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM