Connect with us

Өзбекстанда кыргыз тилинде билим берген 51 мектеп бар

Кыска кабар | 24 Ноя 2023 | 320 | 0

Күн мурун Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Исаев З. Ахмедовду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын Ош шаарындагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, эки өлкөнүн ортосунда өнүгүп келе жаткан достук өнөктөштүктү белгиледи.

Башкы консул Өзбекстанда 300 миңден ашык кыргыз улутундагы жаран жашап, кыргыз тилинде окуткан 51 мектеп, Ташкент шаарында Кыргыз маданият борбору иштеп жатканын билдирди.

Жолугушуунун алкагында Өзбекстандын жарандарына Сулайман-Тоого зыярат уюштуруу, өнөр жай багытында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу сунушуштары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM