Биз менен байланышыңыз

Ташкентте Чыңгыз Айтматов атындагы маданият борбору ачылды

Кыска кабар | 24 Ноя 2023 | 174 | 0

Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде 23-ноябрда Чыңгыз Айтматов атындагы «Кыргыз тили жана маданияты» борборунун ачылыш аземи өттү.

Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин ректору, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, профессор Шухрат Сиражиддинов куттуктоо сөзүндө соңку жылдары Өзбекстан менен Кыргызстанды кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнө көңүл бурду.

“Буга президенттер Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаровдун саясий эрки жана чечкиндүүлүгү олуттуу негиз болду. Гуманитардык кызматташтык маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, тактап айтканда, залкар жазуучу, өзбек-кыргыз достугунун алтын көпүрөсү болгон Чыңгыз Айтматов атындагы бүгүнкү “Кыргыз тили жана маданияты” борборунун ачылыш сөзүбүздүн далили боло алат”, — деди ректор.

Ош мамлекеттик университетинин ректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Кудайберди Кожобеков өз сөзүндө кыргыз менен өзбек элинин каада-салты, маданияты, баалуулуктары жалпы, тили, дини, тарыхы, мурасы бир экенин белгиледи.

«Кыргыз жана өзбек тилдери өтө жакын, андыктан бул эки тилде сүйлөгөндөр котормочуларсыз да бири-бирин жакшы түшунөт. Ошол эле учурда эки тил бири-биринен айырмаланып, өз өзгөчөлүктөрүнө ээ, ошондуктан алар менен таанышуу жана изилдөө маанилүү. Бүгүнкү ачылып жаткан борбор элдерибиздин ортосундагы достуктун жана тилектештиктин символу болуп калаары шексиз”, — деп айтты Кожобеков.

Салтанатта сөз сүйлөгөндөр кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы кылымдарды карыткан достугу, маданий байланыштары жаңы дэңгээлде уланып жаткандыгынанн өтө ыраазы экендигин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM