Connect with us

Ден соолукту чыңдоо борбору акысыз кызматтар үчүн да акча алууга шектелүүдө

Кыска кабар | 23 Ноя 2023 | 403 | 0

Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунда кызматтык ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу фактылары тастыкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборуна текшерүү жүргүзгөн. Анда борбордун жетекчилери документтерди жасоо жолу аркылуу акысыз кызматтар үчүн да бейтаптардан мыйзамсыз акча алып турушканы аныкталган.

Мындай мыйзамсыз түшкөн акчалардын бир жылдык, тагыраагы, 2022-жылдагы суммасы миллион сомдон ашкан. Ал каражаттар жеке кызыкчылыктар үчүн пайдаланылып келген.

Бул факты боюнча ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянат пайдалануу) менен иш козгоду.

Учурда ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы борбордун ага чейинки жылдардагы жана быйылкы жылдагы документтерин кароону улантып жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM