Connect with us

Акыйкатчы Бишкекте ташталган ымыркай тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 22 Ноя 2023 | 370 | 0

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин алдына ташталган ымыркайдын ишине байланыштуу жаңы жагдайлар тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, институттун кызматкерлери бала табылгандан кийин дарыланууга жаткырылган төрөт үйүнө барышкан.

Балага бронхопневмония деген диагноз коюлган. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат, дарылоо программасына антибиотиктер кошулган.

Мындан тышкары, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 20-21-ноябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барып, баланын энеси Ж.С. менен сүйлөшүп келишкен.

20-ноябрда кармалган Ж.С ИИБде суракка алынган. Ал Кылмыш кодексинин 37-125-беренеси боюнча айыпталууда.

21-ноябрда Акыйкатчы институнун кызматкерлери ИИБдин убактылуу кармоочу жайына кайрадан барган кезде, ал кандай жагдайда төрөгөнү тууралуу айтып берген.

Анын айтымында, үй шартында төрөгөн, ата-энеси анын кош бойлуу экенин билишкен эмес. Баланын атасы ким экенин билет, ал адам учурда абакта жатат.

Кармоо шарттарына даттанган эмес, камерада ал эки аял менен бирге кармалып турат.

Ж.С.нын айтымында, аялдардын гигиенасына керектүү бардык буюмдар бар. Аны дарыгерлер текшеришкен, зарыл болгон медициналык процедураларды жүргүзүшкөн. Мамлекеттик жактоочу берилген.

Тергөө тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM