Бишкек шаарында 33 жаштагы аял 3 эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, үч эмдин бирөөсү кыз, экөө эркек. Ымыркайлар кош бойлуулуктун 36-жумасында операция жолу менен төрөлүштү.
«Төрөлгөн учурда алардын салмагы 3кг 10 грамм, 2кг 345 грамм жана 2 кг 45 гр болгон. Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу», — деп айтылат маалыматта.