Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көмүрдүн тоннасы канча сомдон сатылууда?

Кыска кабар | 22 Ноя 2023 | 277 | 0

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 6000 сом болсо, ал эми Кара-Жыра жана Шабыркүл көмүрлөрүнүн тоннасынын баасы 6 миң 200 сом болууда.

Учурда көмүрдүн кымбатташына жол бербөө жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Октябрь райондук акимчилиги жана Монополияга каршы кызматы тарабынан көмүр сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Монополияга каршы кызматы текшерүүнүн алкагында Путепроводная көчөсүндө жайгашкан көмүр кампасынын ээсине таразаларына күбөлүгү жок болгондуктан 5 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салган.

Тиешелүү иштер борбор калаанын башка райондорунда да жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM