Connect with us

Ноябрдын аягында өлкөнүн ИДПсы 1 трлн сомго жетүүсү күтүлүүдө

Кыска кабар | 22 Ноя 2023 | 274 | 0

Ноябрдын аягына карата Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү тарыхый 1 трлн сомго жетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-октябрь айларында Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 919,1 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,6%га, тейлөө чөйрөсүндө – 4,9%га, өнөр жайда – 1,3%га өстү, ал эми айыл чарбасында өсүү темпи 2022-жылы 100,1%ды түзүп, ушул эле мезгилдин деңгээлинде сакталды.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын ноябрь айынын үчүнчү он күндүгүндө өлкөнүн ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү 1 триллион сомдук тарыхый деңгээлге жетиши күтүлүүдө.

2023-жылдын 16-февралында өткөн коллегияда министр Данияр Амангелдиев 2023-жылга карата пландарды жарыялап, анда өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү – экономиканын 5%дан кем эмес өсүшү же ички дүң продукциянын көлөмүн 1 триллион сомдон жогору жеткирүү экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM