Биз менен байланышыңыз

Улуттук госпиталда үч күн бекер МРТ жасалат

Кыска кабар | 21 Ноя 2023 | 649 | 0

МРТ аппаратынын (Магниттик-резонанстык томография) ишке киришине байланыштуу Улуттук госпиталда акысыз диагностика жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда акция үч күн, 22-24-ноябрь күндөрү өтөт.

Акысыз диагностикага жазылуу үчүн:

-ҮДТ/ҮМБнын дарыгеринин жолдомосу;

-Эч кандай алдын ала даярдыктын кереги жок, болгону курсак көңдөйүн текшерүүдө ач карын баруу керек.

Кабыл алуу саат 09:00дөн 16:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жүргүзүлөт.

Кабыл алууга төмөнкү телефон аркылуу жазылсаңыз болот: 0 709 90 55 11.

Быйыл 4-ноябрда Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томографиялык сканердин ачылышы болгон. Заманбап МРТ аппараты Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоордун алкагында сатылып алынган.

Жаңы медициналык жабдуулар бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык изилдөөгө мүмкүндүк берет.

Улуттук госпиталда бүгүнкү күнгө чейин бир дагы МРТ аппараты болгон эмес. Диагностика балдар жана ымыркайлар үчүн эң коопсуз, анткени ал магниттик эффекттерге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар нурлануунун нөлдүк дозасын алышат.

 

Copyright © 2017 Maral FM