Биз менен байланышыңыз

Хамастын лидери Израил менен тынчтык келишими жакындап калганын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2023 | 558 | 0

ХАМАСтын лидерлеринин бири, уюмдун саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания, Израил менен тынчтык келишимин түзүүгө аз калганын билдирди. Бул тууралуу BBC орус кызматы жазды.

Хамастын телеграм каналында пайда болгон жана Рейтер агенттиги жазган маалыматта: «Биз тынчтык келишимине жетишүүгө жакынбыз», — деп айтылат. Келишимдин чоо-жайы тактала элек.

Франс пресс агенттиги булактарына таянып кабарлагандай, келишим ок атышпоо жана Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү аба операцияларына чектөөлөрдөн турган беш күндүк тынчтыкты сактоону камтышы мүмкүн.

Анын ордуна ХАМАС тарабынан туткунга алынган 50дөн 100гө чейин адам бошотулат. Алар израилдиктер (жай тургундар) жана башка улуттагы туткундар болот. Келишимге ылайык, Израилдин абактарынан 300гө жакын палестиналык бошотулат.

Би-Би-Синин Иерусалимдеги кабарчысы Том Бейтман белгилегендей, келишимге ылайык, барымтадагылардын топтору этап-этабы менен бошотулушу мүмкүн.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимге жакын арада жетишилиши мүмкүн экенин билдирген.

Эл аралык «Кызыл чырым» комитетинин башчысы Мирьяна Сполярич 20-ноябрь күнү Катарда ХАМАСтын лидерлеринин бири Исмаил Хания, ошондой эле Катар бийликтеринин өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөргө Катар ортомчу катары катышууда. ХАМАСтын саясий канатынын кеңсеси бул өлкөдө жайгашкан, андан тышкары Исмаил Хания Дохада жашайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM