Биз менен байланышыңыз

Жети шаарда бош жумуш орундары жана кесиптер боюнча жарманкелер өтөт

Кыска кабар | 21 Ноя 2023 | 851 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын жети шаарында бош жумуш орундары жана кесиптер боюнча жарманкелер өтөт. Бул тууралуу JIA бизнес ассоциациясынан кабарлашты.

Анда өлкөнүн 250дөн ашык алдыңкы компанияларынын 10 миңден ашык бош орундары боюнча маалыматтар берилет.

Жарманке Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 29-ноябрда өтөт.

Ош шаарында Кыргыз драма театрында 22-ноябрда өтөт.

Жалал-Абадда Барпы атындагы кыргыз драма театрында 22-ноябрда,

Караколдо Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында 22 ноябрда,

Кызыл-Кыя шаарында Асаналиев көчөсү, 10 дарегинде 22-ноябрь,

Нарын шаары, Ленин көчөсү, 96 дареги,  22-ноябрь,

Талас шаары, Чынгыз Айтматов көчөсү, 351 дареги, 22 ноябрь.

Иш-чара жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү аянтчасы болуп саналат. Жарманкенин уюштуруучулары – Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, JIA бизнес ассоциациясы, Билим берүү жана илим министрлиги, шаар мэриялары жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоору.

Copyright © 2017 Maral FM