Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык компаниялар Катардагы көргөзмөгө катышууда

Кыска кабар | 21 Ноя 2023 | 311 | 0

2023-жылдын 2-октябрынан 2024-жылдын 28-мартына чейин Катар мамлекетинин Доха шаарында «Жашыл чөл, эң жакшы айлана чөйрө» аталышында көргөзмө өтүүдө. Ага Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги жана кыргызстандык компаниялар да катышууда.

Бул иш-чара чөлдүү климаттык региондогу биринчи багбанчылык көргөзмөсү болуп, климаттын, суунун жана топурактын туруктуулугуна басым жасап, багбанчылык инновациясын кубаттайт. Көргөзмөнү өткөрүү үчүн Катар өкмөтү Аль-Бидда паркынын аймагынан 1700 миң чарчы метр аянт бөлүп берген.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги 2023-жылдын мартында ЭКСПО көргөзмөсүнө катышууга өтүнмө жөнөтүп, 29-июнда катышуу келишимине кол коюлган.

«Кыргызстан» улуттук павильонун орнотуу үчүн иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан жалпы 900 чарчы метр участок бөлүнгөн, анын ичинен «Кыргызстан» улуттук павильонунда аянты 180 чарчы метр сатууга болот, калган участок стилистикалык жасалгалоого (маданият, туризм) арналган.

Көргөзмөгө бал менен алектенген 9 компания, варенье, жем менен алектенген бир компания, суу чыгарган бир компания, кургатылган жемиштер боюнча 3 компания, текстиль жана жеңил өнөр жайы боюнча 2 компания, татымалдар – 1 компания, косметикалык продукция (самын, крем, бальзам, майлар) – 1 компания, курут – 1 компания катышууда.

Министрликтин алдындагы Токой кызматы көргөзмө павильонунун сыртын жасалгалоо үчүн 40 даана 1,2 тонна салмактагы көчөттөрдү бөлүп берди. Алардын ичинен Тянь-Шань карагайы – 5 даана, тикенек карагайы – 5 даана, Крым карагайы – 5 даана, карагайы – 5 даана, арча – 5 даана, Чыгыш туя – 5 даана, колонна туя – 5 даана.

Copyright © 2017 Maral FM