Биз менен байланышыңыз

Орунбеков айрым зомбулук фактыларын миңден бир, сейрек кездешкен кылмыштуу окуялар деп атады

Кыска кабар | 20 Ноя 2023 | 219 | 0

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук иштери боюнча өзүнүн пикирин Фейсбук баракчасына жазды. Ал соңку учурда катталып жаткан айрым зомбулук көрүнүштөрдү кайсы бир тараптар жалпы көрүнүш катары таанытууга аракет кылууда деп билдирди.

Орунбековдун пикиринде кыргыз коомчулугу аял затын сыйлайт, айрыкча энелерге болгон урмат-сый да жогору. Мындан улам аялдар зомбулукка кабылган айрым окуялар, сейрек кездешкен тагдырлардын бири. Ага шилтеп, жалпы көрүнүш ушундай дей берүү туура эмес, — деп жазды.

“Аялы сабалып, кордолгон учурлар катталууда. Мындай окуялар жалпы Кыргызстандагы эркек менен аялдын ортосундагы мамиленин көрсөткүчү жана символу эмес. Ушундай терс көрүнүштөрдү улам кайталап, талкууга алып чыгып, аны жалпы статистика катары таанытуу – кызыкдар тараптардын гана саясаты деп белгилегим келет. Аялзатын мурда кандай сыйласак, мындан ары дагы аздектейбиз. Кыргыздар эч качан аялдардын укуктарын чектеген эмес. Ошон үчүн бизде Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Курманжан даткалар чыккан, аял сыйлаган коом бар үчүн жакынкы эле тарых — Роза Отунбаева президент болгон”.

Ал ошондой эле «ар бир эркек тапкан акчасын аялына алып келет, акчаны аялдар кармайт, биз кайра аялыбыздан сурайбыз. Ар бир мамлекеттик кызматта иштеген эркектин көпчүлүгүнүн айлык маянасы түшкөн картасы аялында. Үйдө эркектер башкарат, бирок аялдардын кеңешин угабыз», — деп кошумчалаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM