Биз менен байланышыңыз

Бир жумада үч окуя. Ташталган ымыркайлардын тагдыры талкууда

Коом | 20 Ноя 2023 | 642 | 0

Кыргызстанда бир жумада көчөгө ташталган үч ымыркай табылды. Алардын бири өткөн жумада Бишкектеги таштандыдан, бири 19-ноябрда Бишкектеги көчөлөрдүн биринде, бири Жалал-Абадда табылды. Мындан улам, ата-эне жоопкерчилиги, камкордуксуз калган балдарды коргоо маселелери күн тартибине кайра чыкты. Укук коргоочулар бир гана энени эмес, баланы таштап салууга себеп болгон жагдайлар изилдениши керектигин айтышууда. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чукул кеңешме өткөрүп, камкордуксуз калган балдарга, оор турмушта күн көргөн үй-бүлөрлөргө мониторингди күчөтүүнү тапшырды.

19-ноябрь күнү саат 22:45 чамасында Бишкектин Арча-Бешик конушунда желим баштыкка оролгон ымыркай кагаз кутудан табылганы тууралуу маалымат милицияга түшкөн.

Бишкек шаарынын кайгуул күзөтүнүн кызматкери Толкунбек Ташматов милиция кабар келгенде дароо эки-үч мүнөттө жерине барганын айтты.

Милиция кызматкерлери баланы тез жардамды күтпөстөн №2 төрөт үйүнө жеткиришкен.

«2-3 мүнөттө келдик. Үй ээси кутуча менен алып чыгып берди. Ичин ачсам баштыктын ичи суу, ымыркай тоңуп калыптыр. Баштыктын ичине салып байлап коюптур. Баштыктын оозун дароо ачып, үйдүн ээсине шейшеп алып чыгып бергиле дедим. Тез жардамды күткөнү убакыт аз болчу, себеби бала аябай үшүп калган абалда эле. Анан жанын сактап калалы деп дароо ооруканага алып бардык. Дарыгерлердин колуна өткөрүп бердик. Ыйлабасын деп оозуна кагаз тыгып коюптур. Аны дарыгерлер таап чыгышты. Биз караңгыда шашып, байкабай калыппыз».

Буга чейин да 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү» беренеси менен шек саналып жатат. 14-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошоткон.

Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Акыйкатчы институту эне баласынан баш тартпай турганын айтканын билдирген.

Коомдо бул маселелер курч талкууланып, энени күнөөлөгөндөр басымдуулук кылууда. Укук коргоочу Эржан Кайыпов мындай учурда энени кармоодон мурун баланы таштоого себеп болгон факторлорду аныктоо керектигин белгиледи.

Жагдайга тиешелүү бардык адамдарды жоопкерчиликке тартуу туура болот. Ошол эле учурда баланын төрөлгөн күндөн тарта укуктары корголушу керек.

Укук коргоочу баланы төрөп, бирок багууну каалабаган энелерге балдарын өткөрүп берүү үчүн атайын жайларды ачууну сунуштады.

«Кыргызстан эми ушундай учурларды түшүнүп жатабыз. Өнүккөн өлкөлөрдө «Baby box» деген жайлар бар. Ал жакка баласын төрөп, таштайм дегендер кайрылат. Ал атайын кутуча. Ар кандай себептерден улам ташташат. Кутучага таштагандан кийин камерадан көрүп медкызматкерлер келишет. Алар балага керектүү медициналык жардамдарды беришет. Мисалы ар кандай себептерден улам ташташы мүмкүн. Ата-энеси куугунтукташы мүмкүн, зордуктоонун негизинде төрөлүшү мүмкүн, мунун аркасында бир катар кубулуштар турушу мүмкүн. Бул жерде бир гана таштап кеткен энесин жазалоо менен чектелбестен, бардык жагдайларды аныктап чыгыш керек».

Ымыркайлардын ташталышы тууралуу маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 20-ноябрындагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева тарабынан да көтөрүлдү.

Ал ташталган балдардын укуктары мамлекет тарабынан корголушун талап кылды. Эл өкүлү да багууну каалабаган энелерге балдарын өткөрүп берүү үчүн атайын жайларды ачуу керектигин айтты.

«Бүгүн да чоң ызы-чуу болуп жатат. Дагы бир 20 жаштагы кызыбыз баласын таштап кетти. Мен өткөн чакырылышта эле өкмөткө кайрылып, сурангам. «Baby box» кутучаларын киргизели десем, биздин үй-бүлө институтуна туура эмес болуп калат дешкен. Абдан көп каражат кетет деп жүйөө келтиришкен. Кыргызстандык бир жарандын жашоосунун баркы барбы? Буга чейин таштандыга таштап кеткен. Бүгүн да катталып жатат. Азыр күн суук өлүп калсачы ким жооп берет? Мындай кутучаларды жок дегенде ар бир райондогу төрөт үйлөрүнө бирден коюп бергиле дедик. Элге маалымат берели. Кандай гана учур болбосун балаңды таштандыга же ушул сыяктуу жерлерге таштабагы деп».

Мындай окуяларга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү.

Байсалов белгилегендей, социалдык кызматтар жаңы төрөлгөн балдардын абалына, укуктарын коргоого артыкчылыктуу тартипте туруктуу мониторинг жүргүзөт.

Ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө туруктуу мониторинг жүргүзүү, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды багып алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштыруу тапшырылды.

Ал эми Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Нике жана үй-бүлөнү пландаштыруу борборунун акушер-гинеколог дарыгери Элмира Чойбекова күтүлбөгөн кош бойлуулук ар кандай кесепеттерге алып келерин белгиледи.

Дарыгердин айтымында, үй-бүлөнү пландоо азыркы замандын талабы. Мындан тышкары, жаш кезинен интимдик мамилеге баргандар көбөйүп, анын кесепетинен аборт кылдыргандардын саны өсүп жатканын айтат.

«Күтүлбөгөн кош бойлуулук бакыт алып келбейт. Үй-бүлөнү пландаштырууда кош бойлуулукка даярданабыз. Андай кылбасак, учурда өтө көп оорулуу балдар төрөлүп жатат. Пландаштырууда биринчи, ар бир эне бойго жеткен кызы менен сүйлөшүш керек. Түшүндүрүш керек. Үй-бүлөнү пландаштыруунун ар кандай түрү бар. Азыркы учурда өтө жаш куракта турмушка чыгып жатышат. Ошондой эле сексуалдык активдүүлүктү эрте башташууда. Анын кесепетинен көптөгөн аборт жасалууда. Эрте төрөттөр болуп жатат».

«Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекованын айтымында, эрте никеге туруу, өспүрүм куракта кош бойлуулук, жаңы төрөлгөн балдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн өспүрүмдөрдү жана жаштарды репродуктивдүү укуктарга үйрөтүү боюнча натыйжалуу системаны киргизүү иш чаралары мерчемделген.

«Тилекке каршы, көптөгөн маселелерге көңүл бурулбай, системалуу профилактикасыз, үйлөрдү бир жолку кыдыруу менен чектелип калды. Жыйынтыгында балдарга карата сексуалдык зомбулук күчөп, жаш энелер балдарын таштанды челектерине, дааратканага ыргытып, балдарды балдар үйлөрүнө, интернаттарга жиберишүүдө. Майыптыгы бар балдар, дагы деле интернаттарга жөнөтүлүп, ата- энелеринен ажырап калышууда»,  — деди Турдубекова.

Бүгүн, 20-ноябрь БУУнун Балдардын укуктары боюнча конвенциясынын эл аралык күнү. Кыргызстан бул конвенцияны 1994-жылы ратификациялагандан бери 29 жыл өттү.

Copyright © 2017 Maral FM