Биз менен байланышыңыз

Камкордуксуз калган балдарды багып алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштыруу тапшырылды

Кыска кабар | 20 Ноя 2023 | 268 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектин көчөлөрүнөн табылган ымыркайларга байланыштуу балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү.

Анда тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жашы жете элек балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.

Байсалов белгилегендей, социалдык кызматтар жаңы төрөлгөн балдардын абалына, укуктарын коргоого артыкчылыктуу тартипте туруктуу мониторинг жүргүзөт.

Ошондой эле мамлекеттик органдарга турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө туруктуу мониторинг жүргүзүү жана ар тараптан колдоо көрсөтүү боюнча ишти активдештирүү, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды багып алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштыруу тапшырылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги оор турмуштук кырдаалга кабылган аялдар адистештирилген социалдык мекемелерге кайрылып, аларга социалдык, психологиялык жана юридикалык колдоо жана жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Бишкекте бир ай ичинде ташталган эки ымыркай табылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM