Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик номурларды сатып алуунун эрежелери өзгөрдү

Кыска кабар | 20 Ноя 2023 | 715 | 0

Мамлекеттик номерлерге онлайн-аукциондор порталын пайдалануучулар үчүн жаңы эреже киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Ушул убакка чейин мамлекеттик номурлар үчүн акча төлөбөгөн колдонуучуларга бөгөт коюунун мөөнөтү эскиргенине карабастан бөгөттөн чыгаруу мүмкүнчүлүгү жок жүргүзүлүп келген. Жаңы эрежелерде тыюу салуу мөөнөтү алты айга чейин белгиленет.

Пайдалануучуларды блокко коюу/ блоктон чыгаруу эрежеси:

  • Жеңүүчү болуп табылган, бирок мамлекеттик номерге сертификат үчүн жыйынтыктоочу бааны үч жолудан көп төлөбөй койгон онлайн-аукциондун катышуучулары 6 айга чейинки мөөнөткө nomer.srs.kg порталында убактылуу блокко коюлат.
  • Кийинки жогорку бааны сунуштаган, бирок сертификат үчүн өзү сунуштаган бааны төлөбөгөн катышуучулар да nomer.srs.kg порталда 6 айга чейинки мөөнөткө блокко коюлат.
  • Блокко коюлгандан кийин катышуучулар 6 айга чейин онлайн-аукционго катыша алышпайт. Бирок кайрадан үч жолудан көп төлөбөй койгон катышуучулар кийинки аукциондорго катышууга мүмкүнчүлүк берилбестен, блокко коюлат.
  • Аукцион өткөрбөстөн брондоп койгон номердик белгилерге сертификаттарды үчтөн көп жолу сатып албаган жактар 6 айга чейинки мөөнөткө nomer.srs.kg порталында убактылуу блокко коюлат.

Бөгөттөлгөндөн кийин 6 айдын өтүшү менен аукцион өткөрбөстөн номердик белгилерди сатып алууга мүмкүнчүлүк берилет. Аукционсуз номердик белгилерге сертификаттын жыйынтыктоочу баасын кайрадан үч жолудан көп төлөбөй койгон жактар кийин номердик белгилерди сатып алууга мүмкүнчүлүк берилбестен, блокко коюлат.

Ошондой эле, QR-коддо маалымат түзүү ыкмасы жакшырды, ал сертификаттын аныктыгынын статусун, сертификаттын номерин, мамлекеттик каттоо номерин жана ээсинин аты-жөнүн алууга мүмкүндүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM