Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду

Кыска кабар | 20 Ноя 2023 | 180 | 0

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү пунктунда унаалар топтолуп калганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

20-ноябрда саат 11:00гө карата «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү пунктунун алдында чек арадан өтүү үчүн 500 жүк ташуучу унаа кезекте турат.

Акыркы суткада Кыргызстандан Казакстанга 280 унаа кирген.

Чек ара кызматы өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын топтолушу сезондук мүнөзгө ээ экенин жана Кыргызстандан товарларды экспорттоонун өсүшү менен байланыштуу экенин билдирет.

Эки өлкөнүн чек ара кызматтары тарабынан жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM