Биз менен байланышыңыз

Жапониянын ири бизнес компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 20 Ноя 2023 | 149 | 0

Ноябрь айынын аягында Жапониянын алдыңкы бизнес ишканаларынын өкүлдөрү Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 20-ноябрда Токиодо «РОТОБО» ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушуусунда айтылды.

Жапан ишкерлери Бишкек эркин экономикалык аймагына баруу, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүсү каралган.

Сапардын максаты — эки өлкөнүн ортосундагы бизнести көтөрүү үчүн эң потенциалдуу чөйрөлөрдү аныктоо болуп эсептелет. Жапония Кыргызстан менен туризм, айыл чарба, энергетика, өнөр жай ж. б. багыттарда бизнес-диалогду активдештирүүгө даяр экени айтылды.

«РОТОБО» 1967-жылы негизделген жана КМШ, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен ишкер кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Өнөктөш өлкөлөр болуп Кыргызстан, Украина, Беларусь, Молдова, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Азербайжан, Армения, Грузия, Монголия Орусия саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM