Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында муниципалдык асфальт заводу курулат

Кыска кабар | 20 Ноя 2023 | 194 | 0

2024-жылы Ош шаарындагы жолдорду кыска аралыкта сапаттуу куруу жана оңдоо максатында муниципалдык асфальт-бетон заводун, ошондой эле атайын таш майдалоочу заводду куруу пландалууда.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Озгур айылында курула турган заводдун ордун көрүп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Ижара келишиминин шарттарын жана курулуш материалдарын (кум, чопо, шагыл ж.б) казып алууда ижарага алынган жерлерди пайдаланган тараптар ​​менен келишимде көрсөтүлгөн каражаттарды өз убагында бюджетке түшүрүү тапшырмасы коюлду.

Ош шаарында 2023-жылдын августуна чейин курулуш материалдарын (карьерлерди) казып алуу үчүн жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жылына 1 гектарга 500 сом болгон болсо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында 2023-жылдын август айынан баштап бул категориядагы жерлердин ижара акысы 1 га үчүн 300 миң сомго чейин көбөйтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM