Биз менен байланышыңыз

Жапаров жапон компанияларын Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Кыска кабар | 20 Ноя 2023 | 239 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда Жапонияга болгон расмий сапарынын алкагында өлкөнүн тышкы соода уюмунун (JETRO) башкаруучусу Норихико Ишигуро менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жапаров Кыргызстанга салынып жаткан инвестициялардын корголушуна кепилдик берерин белгилеп, Жапониянын компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Президент маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө, IT тармагын жакшыртууга Жапониянын тажрыйбасын жана алдыңкы технологияларын тартууга кызыкдар экенин кошумчалады.

JETRO компаниясынын башкаруучусу Норихико Ишигуро жапон компанияларынын өлкөгө болгон кызыгуусу өсүп жатканын, буга байланыштуу конкреттүү сунуштар керек экенин айтты. Ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Садыр Жапаров 17-ноябрда Жапонияга расмий сапары менен барган. Анын алкагында өлкөнүн бийлик өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM