Биз менен байланышыңыз

Обончу-ырчы Таалай Бектургановдун Чаткалдагы үйү музей болот

Кыска кабар | 19 Ноя 2023 | 2114 | 1

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы маркум обончу-ырчы Таалай Бектурганов туулуп-өскөн үй музей болот. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Ырчы чоңойгон үй каралбай, адам жашоого мүмкүн болбой калганын, эстелик катары сактап калуу зарылдыгын жакындары акимчиликке кабарлашкан. Анын негизинде Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев үйдү капиталдык оңдоодон өткөрүп, музейге айлантуу чечимин чыгарган.

Оңдоп-түзөө иштерине каражат райондогу кен иштеткен компаниянын социалдык топтомунун эсебинен жумшалары айтылган маалыматта.

Маркум обончу, ырчы-аткаруучу, гитарист, спортчу Таалай Бектурганов 1968-жылы Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылында туулган. Чыгармачылык жолу 1990-жылдары башталган. Гитаранын коштоосунда аткарган «Назира», «Ата-эне», «Эмне мынча сүйөм сени?», «Канымдасың», «Сүйөм дедиң» сыяктуу ырлары менен эл оозуна алынып, «кыргыздын Виктор Цою» атагына ээ болгон.

1995-жылы Орусиядан иштеп жүрүп, Кыргызстанга кайтып келе жатканда, милиция кызматкерлери менен чатакташа кеткен. Маселе чече турган адамдарды чакырып келүү үчүн досторун жөнөтүп, алар кайтып келип, Таалай Бектургановду таппай калышкан. Издөө салышып, үч күндөн кийин комада жаткан абалда табышкан. Алардын айтымында, ырчыны вагондон түртүп жиберишкенде каракушу менен жерге тийген. Ошол бойдон тогуз күн комада жатып, үзүлүп кеткен. Кылмышка күнөөлүүлөр кармалган эмес. Обончунун сөөгү туулган айылына коюлган.

Маркум обончунун ысымы өзү туулган айылдагы маданият үйүнө, Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы бир көчөгө берилген.

1 пикир

1 пикир

  1. Назира

    21.11.2023 23:22

    Тируу болгондо далай ырлар жазылмак

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM