Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы журналист Гүлжан Шерипбаеванын ишин көзөмөлүнө алат

Кыска кабар | 19 Ноя 2023 | 219 | 0

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Nazar news.kg сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 18-ноябрда аппарат кызматкерлери Гүлжан Шерипбаеваны камакта кармоо шарттарын көрүп келүү үчүн СИЗО-1ге барышкан.

Журналист аларга стресске кабылганын, коюлган айыптарга макул эмесин, жеке жактоочуга муктаж экенин айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө ага мамлекеттик жактоочу берилген.

Ошол эле учурда абакта кармоо шарттарына нааразычылык билдирген эмес. Ден соолугу жакшы экенин, дары-дармекке муктаждыгы жогун маалымдаган. Аны менен бирге мурда соттолбогон дагы үч аял кармалып турат.

Журналист, Nazar news сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева УКМК кызматкерлери кармап кеткенин 16-ноябрда «Фейсбук» баракчасына жазган.

Жакындарынын айтымында, УКМК кызматкерлери башкы редакторду кеңсесинен «сүйлөшүү үчүн» деп чакырып кетишкен. Андан көп өтпөй, 48 саатка камакка алынганы белгилүү болгон.

Кечээ, 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту Гүлжан Шерипбаеваны 1-декабрга чейин камакка алууга чечим чыгарганын кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM