Биз менен байланышыңыз

Бишкекте №1 Шаардык оорукана капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Кыска кабар | 18 Ноя 2023 | 486 | 0

Кечээ, 17-ноябрда Бишкек шаарындагы №1 Шаардык клиникалык ооруканасында 40 орундуу эндокринология бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды.

Иш-чарага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Сариев, оорукананын жетекчилиги, кызматкерлери жана башкалар катышышты.

№1 Шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мусаев бул бөлүмдүн имаратында курулгандан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи. Капиталдык оңдоо иштери шаардын эсебинен, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 12 миллион сомдон ашык суммага жүргүзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM