Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тротуарларды куруу маселеси талкууланды

Кыска кабар | 18 Ноя 2023 | 121 | 0

Борбор калаада мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарындагы тротуарларды куруу маселеси боюнча жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга ошондой эле мэрдин биринчи орун басары, мэрдин транспорт жана курулуш боюнча орун басары, район акимдери, транспорт департаментинин директору жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери катышты.

Мэр Бишкек шаарындагы тротуарларды капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүнө административдик райондордун башчылары тарабынан көзөмөлдүн жетишсиздигин белгилеп, тиешелүү кызматтарга курулуш учурунда аныкталган мыйзам бузууларды тез арада жоюп, шаар тургундары, меймандары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.

Айбек Жунушалиев тротуарларды капиталдык оңдоп-түзөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча жарандарга эскертүү берүү үчүн тийиштүү маалымат белгилерин орнотууну тапшырды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM