Биз менен байланышыңыз

Бишкекте гепатитке каршы эмдөө жүрүп жатат

Кыска кабар | 18 Ноя 2023 | 302 | 0

Бишкектин Свердлов районунда В вирустук гепатитине каршы эмдөө, ошондой эле калкты тестирлөө жана АИЖВ, ГВВ, ГСВ алдын алуу боюнча маалыматтык-агартуу иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 14-ноябрдан 24-ноябрга чейин Курманжан-Датка – Жибек-Жолу проспектилеринин кесилишиндеги «Аламүдүн базары» СБКнын аймагында текшерүү, эмдөө жана дарыгерден кеңеш алууга болот.

Акция Саламаттык сактоо министрлигинин гемоконтактуу вирустук гепатиттерди жана адамдын имунножетишсиздигинин вирусун контроолдоо боюнча республикалык борбору тарабынан Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча «СПИД Инфобайланыш» фонду тарабынан көмөк көрсөтүү боюнча россиялык программанын алкагында өткөрүлүүдө.

Текшерүү «газон» көчмө дарылоо-профилактикалык комплексинин (КДПК) базасында жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM