Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-жапон алакасы: Орто жана чакан ишкерлерин өлкөгө чакыралы

Саясат | 17 Ноя 2023 | 2474 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн 17-ноябрда, Жапонияга расмий сапар менен барды. Мамлекет башчыны бул өлкөнүн тышкы иштер министри Кийото Тсуджи жана башка расмий адамдар тосуп алды. Бул визиттин фонунда кыргыз-жапан алакасы кандай деңгээлде экени талкууланууда. Саясат талдоочулар акыркы учурда кыргыз-жапон алакасы солгундай түшкөнүн айтышса, айрымдары бир багытты карап начар деп айтуудан алыс болуу керектигин айтышууда.

Президент Садыр Жапаров Жапония сапарында Токиодогу Император сарайында Жапониянын императору Нарухитонун кабыл алуусунда болду. Андан ары премьер-министр Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, JICA – Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин жана бир катар ассоциациялардын жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кыргыз-жапон кызматташтыгын орто деп баалайт. Бирок Жапония менен болгон кызматташууну тереңдетип, ал жакта өнүккөн тармактарды өлкөгө тартуу керек деген пикирде.

«Жапония менен кызматташуусу аябай деле жакшы эмес, орточо. Анткени аралыгы алыс, түз аба каттамдары жок. Бирок кошуна Өзбекстан,Казакстанда Токиого түз каттамдар бар. Биз жапондор менен болгон кызматташууну ага карабай жакшыртууга аракет жасашыбыз керек. Анткени ал жакта билим берүү тармагы өнүүкөн. Мисалы, JDS программасы аркылуу мамлекеттик кызматкерлерди окутуп берели деп жатат. Жаңы долбоорлор да келүүдө. Жыл сайын 19 адамды магистратурага, 2 адамды PhDга окутуу боюнча. Бул жакшы нерсе, бирок бул сандар аз, дагы да көп болсо жакшы болмок. Дагы бир багыт Жапонияда маданий, адабий, кино, спорт тармактары өнүккөн. Ушул багыттар боюнча кызматташып, тажрыйба алмашсак жакшы болмок. Ошондой эле экономикалык жактан соода-сатыкты күчөтүү зарыл. Себеби ал жактын товарлары сапаттуу, алар биздин экологиялык таза продуктуларды алууга даяр. Бул жактан биз бал, таза азыктарды экспорттосок болот”.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жакшы деп баалайт. Буга чейин кыргыз-жапон мамилесин жакшыртуу максатында кыргыз өкмөтү эки өлкө ортосунда өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштаганын, эгер ал ишке ашса, Кыргызстанга айыл чарба, билим берүү, инвестиция багытарында жаңылануулар, өнүү болоорун белгиледи.

“Буга чейин биздин өкмөт “кыргыз-жапан өнүктүрүү” фондун түзүүнү сунуштаган. Азыркы учурда бул жапон тарапта каралууда. Эгер бул ишке ашса, айыл чарба багытында, билим берүү тармагында жакшы болмок. Эгерде ким Жапонияга окуйм же иштейм деген максатта барууну кааласа ал жака баруудан мурда жапондордун мыйзамын, маданиятын билип баруусу керек. Ал жакта мыйзам, тартип каттуу иштейт. Ал жакта сөзгө аябай маани беришет, министр болобу, чиновник болобу, карапайым адам болобу сүйлөгөндө өтө этияттык менен сүйлөшөт”.

Жекшенкулов Жапония менен Кытай бири-бирине атаандаш өлкөлөр экенин, бирок Кытай Кыргызстандын экономикалык жактан негизги өнөктөшү экенин айтып, бул атаандаштыктан Кыргызстан элдин, коомчулуктун кызыкчылыгына чечсе болоорун кошумчалады.

“Кытай менен Жапония бири-бирине атаандаш өлкөлөр. Алардын ортосунда кандуу согуштар да жүргөн, мамилелери анча эмес. Бирок Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөшү бул-Кытай. Жапондор да баарын иликтеп, анализдеп көрүп, андан кийин мамиле кылат. Биз эки мамлекеттин ортосундагы атаандаштыкты пайдаланып дипломатиялык, эл аралык жактан упай топтоп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракет кылсак болот”.

 Саясат талдоочу Сейтек Качкынбайдын айтымында, кыргыз-жапон алакаларынын түзүлгөнүнө 30 жыл болсо ал аралыкта Жапониядан Кыргызстанга алты компания инвестиция жасаган. Бул эки өлкө ортосундагы мамиле анча эмес экендигинден кабар берээрин белгиледи. Жапониянын экономикасынын 90%дан көбүн орто жана чакан ишкерлик түзөт. Мына ошолорду өлкөгө алып келүүгө аракет кылсак жакшы болмок дейт.

«Кыргыз-жапон кызматташтыгына 30 жылдын жүзу болду. Ошол аралыкта болгону биздин өлкөдө жапониянын алты эле компаниясы түз инветстиция жасаптыр. Бул кыргыз менен жапондун ортосундагы соода алаканын начар экенин көрсөтөт. Бизге алар көп ишене бербейт. Бизде мыйзам үстөмдүгү жок, рейддер көп болот, сот көз карандысыз эмес мына ушулардын баары таасирин тийгизет. Жапониянын экономикасынын 99,7%ын чакан жана орто бизнестен турат. Дүйнөгө таанымал болгон компаниялар болгону 0,3% гана түзөт. Биз алар менен кызматташууга аракет кылбастан, чакан жана орто бизнестеги компанияларды өлкөгө тартсак жакшы болмок».

Ошондой эле Сейтек Качкынебай президенттин Жапонияга болгон сапарында ишкерлер да барып, жапониялык компаниялар менен ишкерлер менен түз сүйлөшүп, кызматашууга шарт түзүлсө ишкерлер үчүн пайдалуу болмогун кошумчалады.

Аны менен катар Жапониядагы Кыгызстандын элчилигине жапон тилин, маданиятын түшүнгөндөр барса, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу дагы да алга жылмак деген пикирде.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык алакасынын негизделгенине 30 жыл толду. Бул мезгил аралыгында Күн чыгыш өлкөсү кыргыз элине экономикалык, технологиялык жана маданий, билим берүү жагынан кызматашып келет.

Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жардам берүүчү уюмдардын катарында Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA) бар. Кыргызстанда 2000-жылдан бери иштеп келе жаткан агенттик айыл чарба, социалдык инфратүзүм, жакырчылык менен күрөшүү, социалдык жана агрардык өнүгүү, саламаттык сактоо, мыйзамдык системаны реформалоо өңдүү нар бир кыргызстандыктын жашоосуна түз таасирин тийгизген ири долбоорлорду ишке ашырып келет.

Copyright © 2017 Maral FM