Биз менен байланышыңыз

Баткенде 22 чакырым жол салынды

Кыска кабар | 17 Ноя 2023 | 182 | 0

Ош-Баткен-Исфана жолунун Баткен шаарын аралап өткөн бөлүгүндө 22 чакырым жол салынды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

16,2 чакырым болгон Чоң-Талаа-Кара-Бак-Баткен автожолу жана 6,2 чакырым болгон  Баткен районунун Миң-Өрүк айылына кеткен  жол курулуп, асфальт төшөлдү.

Жалпы узундугу 22 чакырым болгон жол үчүн республикалык бюджеттен 190 млн сом каралган.

Бул жолдун пайдаланууга берилиши менен Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Кара-Бак айыл аймактарынын, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн 8 кмге жол кыскарат. Ошондой эле Баткен шаарына кирбей, шаарды айланып өтүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM