Connect with us

Ош шаарында дыйкан-фермерлер үчүн окутуулар өттү

Кыска кабар | 17 Ноя 2023 | 273 | 0

Ош шаарында жергиликтүү дыйкан-фермерлердин катышуусунда окутуу-семинары уюштурулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Семинар Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Ош облусунда жана Ош шарында аймактык экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагында өттү.

Долбоордун максаты Ош облусунда жана Ош шаарында тандалган секторлоруна максаттуу инвестициялар аркылуу аймактык экономикалык өнүгүүнү чыңдоодо бенефициарды колдоо болуп саналат.

Долбоордун «Айыл чарба продукцияларын жана кичи, орто ишканалардын жеткирип берүү чынжырчаларын чыңдоо» компонентинин алкагында айыл чарба тармагындагы кошумча нарк чынжырында иштеген, тандалган өндүрүмдүү өнөктөштүктүн катышуучулары үчүн максаттуу инвестицияны каржылоону камсыз кылат.

Иш-чарада насыя берүү шарттары, пайыздары, жеңилдетилген мөөнөттөрү боюнча дыйкандарга маалыматтар берилип, баяндамалар жасалды.

Каржылоону алуу үчүн айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативдери, фермерлер, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканасы, агро-соода жана логистикалык борборлор, айыл чарба кызматтарын көрсөтүүлөр жана айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр кайрылышса болот.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM