Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 11-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында өткөн.
Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки отурумда улантууну чечишти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.