Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн ГЭС-5тин бассейнине калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Кыска кабар | 17 Ноя 2023 | 205 | 0

Аламүдүн ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнине Кыргызстанда биринчилерден болуп калкып туруучу күн электр станцияларын куруу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

«Чакан ГЭС» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Эмил Мухамбетов курулуштун жүрүшү менен тааныштырып, катышуучуларга бул долбоор пилоттук экенин белгилеп жана учурда мындай калкып туруучу күн электр станцияларын курууга кызыкдар тараптар бар экенин айтты.

«Чакан ГЭС» компаниясы Аламүдүн ГЭС-5 гидроэлектростанциясынын суткалык жөнгө салуу бассейнине Кыргызстанда биринчилерден болуп калкып туруучу күн электр станцияларын куруу пилоттук долбоорун ишке ашырууга киришкен.

Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттын эсебинен курулуп, суткалык жөнгө салуучу бассейнинин күзгүсүнө аянты 1200м² жана кубаттуулугу 100 кВт болгон фотоэлектр панелдерин орнотууну камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM