Connect with us

Ниязбеков: Тышкы байланыштардан 23 млн 305 миң сомдук жардам алдык

Кыска кабар | 17 Ноя 2023 | 297 | 0

Ички иштер министрлиги тышкы байланыштарды чыңдоо аркылуу бир катар ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу министр Улан Ниязбеков билдирди.

Анын маалыматына таянып айтсак, 2023-жылда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чет мамлекеттердин укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен алаканы чыңдоо максатында 338 иш-чара уюштурган. Анын натыйжасында кызматташуу боюнча бир канча документке кол коюлуп, 23 млн 305 миң 470 сомго заманбап материалдык-техникалык жардамдар алынган.

«Биз КМШ өлкөлөрүнүн бардык Ички иштер министрликтери жана ШКУ, ЕККУ, Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Корея, Түркия, Япония мамлекеттери менен жемиштүү кызматташтыкты жүзөгө ашырдык. Мен Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая, Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев, Казакстандын мурдагы ички иштер министри Марат Ахметжанов, азыркы ички иштер министри Ержан Саденов, Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов, Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушуп, коопсуздук, коомдук тартипти чыңдоо максатында бир катар маанилүү келишимдерге кол койдум. Ал келишимдердин арасында Орусия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин Ички иштер министрликтери менен кадрларды даярдоо боюнча өзгөчө маанилүү багыттарда да келишимдерге кол коюлуп, ал акырындык менен иш жүзүнө аша баштады», — деди Ниязбеков.

Булардын аркасында ири долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Айта кетсек, эл аралык келишимдердин негизинде 20 комплект «АвтоУраган» алып келинген. Анын жардамы менен бир жылда 4 миң 49 жол эрежесин бузуу аныкталып, 1 миң 459 унаа айып короого киргизилген. Издөөдө жүргөн 540 унаа табылган. Акыркы тогуз айда мамлекеттик бюджетке 12 млн 868 миң 800 өндүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM