Биз менен байланышыңыз

Израил Газада жаңы баскычтагы аскердик операция башталганын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2023 | 471 | 0

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант кечээ, 16-ноябрда ЦАХАЛ (Израилдин коргоо күчтөрү) Газанын батыштагы кварталдарын ээлеп алганын жарыялады.

«ЦАХАЛ Газа секторунун батыш тарабын ээлеп алып, аймактагы ХАМАС күчтөрүн тазалады», — деп билдирүү жасаган.

Министрдин айтымында, учурда израил аскерлери жаңы аскердик операциянын кезектеги баскычына даярданууда.

Кечээ, 16-ноябрда Израилдин аскерлери Газадагы Аш-Шифа ооруканасын курчап алган. Анда тинтүү жүргүзүп, ХАМАСка байланыштуу «маанилүү нерсени» тапканын билдирген. Бирок ага толук түшүндүрмө берген эмес.

Израилдин Газадагы Аш-Шифа ооруканасын басып алышы боюнча БУУ тынчсыздануусун билдирди. Бирок АКШ жана Израил ХАМАС тобу аталган оорукананы оперативдүү башкаруу борбору катары колдонуп келгенин айтууда.

Газа секторундагы согушка 40 күндөн ашты. Бул аралыкта Израилдин абадан соккуларынан улам 10 миңден ашык адам каза болду. Анын дээрлик 70-80%ы жаш балдар жана аялдар экени айтылып келет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM