Биз менен байланышыңыз

УКМК: Соода-өнөр жай палатасында мыйзамсыз иштер аныкталды

Кыска кабар | 17 Ноя 2023 | 170 | 0

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Б.Э.Ю. жана П.К. мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен ар кандай экспорттолуучу товарларга товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды берип, кээ бир жеке чарба жүргүзүүчү субъекттерге салыктык базаны төмөндөтүп көрсөтүүнү документтештирүү үчүн шарттарды түзүп беришкен.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Көмүрдү экспорттоо менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъектилер жасалма документтердин (эсеп-фактуралар, тапшырык кагаздары жана келишимдер ж.б.) негизинде Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүнөн 1 кг үчүн 1-1,5 сомду түзгөн көмүрдүн БСШ сорту деп жасалган товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды алышкан. Ал эми иш жүзүндө базар баасы 1 кг үчүн 10-12 сом болгон көмүрдүн БК маркасы экспорттолуп турган.

Мындан тышкары, Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрү көрсөткөн кызматтардын негизинде салык органдарына кассалык түшүүлөр боюнча финансылык отчеттуулукту берүүдө иш жүзүндөгү кирешелер системалуу түрдө кем бааланып келген. Анын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрү өлкөнүн бюджетине түшкөн эмес.

Импорттук жана экспорттук товарлардын шайкештик сертификаттарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр негизинен П.К.нын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн, ал жерде ал уюштуруучу же директор болгон (ЖЧК: Сертификат Класс, Сертификат плюс, Сертификат Транс, Южный Техосмотр Плюс, Южный Испытательный Центр, Калибровка Плюс, Южный Техосмотр, Эксперт Текст Плюс, Сертификат Экспресс, Стандарт Гарант).

Буга байланыштуу 12-ноябрда П.К.нын үйүндө, ошондой эле ага караштуу фирмалар жайгашкан үч даректе тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ишке тиешелүү документалдык материалдар, акча каражаттары: 28 миң АКШ доллары, 1 миллион 997 миң сом жана 99 миң рубль, печаттар, кыймылсыз мүлккө документтер ж.б. табылып алынды.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM