Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Токиодогу император сарайына барды

Кыска кабар | 17 Ноя 2023 | 113 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда Жапониянын Токио шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Император сарайына император менен жолугушууга келди.

Сарайдын алдында мамлекет башчысын жана биринчи айымды император Нарухито жана императрица Масако тосуп алышты.

Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Жапонияда расмий сапар менен болот. Сапардын алкагында Жапониянын императору, премьер-министри, парламенттин төрагасы, парламенттин депутаттары менен жолугушат.

Мындан тышкары, ROTOBO бизнес ассоциациясы, JATA туроператорлор ассоциациясы, JBIC Эксимбанкы, JETRO тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу уюмдардын жетекчиликтери менен жолугушуулар өткөрүлөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-жапон кызматташтыгынын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана консулдук-визалык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат. Эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM