Биз менен байланышыңыз

Шаар мэрин эл шайласа, канчалык натыйжа берет?

Коом , Саясат | 17 Ноя 2023 | 1962 | 0

Ушул айдын ичинде Бишкектин мэри алмашып, Оштун мэрине шаардык кеңештин депутаттары ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Бул окуялардан кийин коомчулукта кайрадан калаа башчыларын түз шайлоо маселеси көтөрүлдү. Шаардык кеңештин депутаттары мурдагы система менен шайланып, шаардын көйгөйлөрүн билген адам мэр болуп келсе деген пикирде. Айрым эксперттер азыр түз шайлоого өтүү эрте экенин, бул маселени кылдат карап чыгуу зарылдыгын белгилешет. 

Бишкек шаарынын буга чейинки мэри Эмилбек Абдыкадыров ээлеген кызмат ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган. Ал азыр президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Ал эми Ош шаардык кеңештин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновдун ишин канааттандырарлык эмес деп баалашып, «шаардын инфратүзүмдүк көйгөйлөрүн чечүүдө акчаны ашыкча короткон, шаардык кеңештин айрым токтомдорун аткарбайт» деген айып коюшууда.

Бакытбек Жетигенов «шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатат» деген дооматты четке кагып, токтомдордун 95%ы аткарылганын, калган 5%ы буга чейинки мэрлердин учурунда кабыл алынганын журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

«Депутаттардын жеке кызыкчылыктары бар. Эки жума мурун шаардык кеңештин төрагасы менен кезиккенбиз. Ал: «Депутаттар: «Шаардын күнү белгиленгенде тамакка чакырган жок, жакшы көңүл бурбайт, чет элдик сапарларга алып чыкпайт», — деп таарынып атышат» деген. Карасам, депутаттар бир эле жолу чет элдик сапарга барбай калышыптыр. Калгандарына бүт эле барышыптыр».

Ош шаардык кеңешинин депутаты Бексултан Үсөновдун айтымында, мэрди эл шайлап, бир канча мөөнөткө бекитип алса жакшы болмок. Анткени шайланган калаа башчысы аткарылып жаткан иштер тууралуу элге отчёт, маалымат берип турмак.

«Азыр шаардын мэри бир-эки жылдын ичинде эле алмашып жатат. Эл шайлап, жок дегенде беш жылга бекитилсе жакшы болмок. Ошондо эл менен тыгыз иштешип, элдин көйгөйүн угуп, элге отчёт берип турмак. Шаардын мэрин эл шайласа жакшы болмок, бул пикирге кошулам». 

«Шаардын жашоочулары шаар башчысын шайласа, татыктуулар келмек», — дейт Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Дамира Жолдошалиева. Анын пикиринде, эл ичинен чыккан, шаардын көйгөйүн билген, эл менен чогуу жүргөн адам мэр болуп келсе, калаанын инфратүзүмдүк өнүгүүсү, алга жылуусу алгылыктуу болмок.

«Шаар эли шаардын мэрин шайласа, башчылыкка татыктуу адам келмек беле?» деген ойдомун. Акыркы учурда жарандардын шайлоого болгон активдүүлүгү түшүп баратат. Ошондуктан альтернатива катары шаардык кеңештин депутаттары да тандаса. Мурда президент талапкерлерди сунуштап, шаардык кеңештин депутаттары шайлачу, ошол туура болмок. Себеби азыр биз отчёт ала алабыз, көзөмөлдөй алабыз, бирок жумуштан алып же мэрликке дайындай албайбыз. Мэр эффективдүү иштеши үчүн ал шаардын көйгөйлөрүн жакшы билиши керек. Ошондо мэрияга тиешелүү бардык мекеме менен тыгыз иш алып бармак».  

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашевдин пикиринде, бул маселени кылдат, ар тараптан карап чыгуу керек. Эң негизгиси мэр кантип шайланганында эмес, анын кандай иштегенинде, шаарды кантип өнүктүрүп жатканында.

«Менин оюмча, бул маселени ар тараптан талдап, анализдеп көрүү керек. Мунун оң жагы да, терс жагы да бар. Неизгиси, шаар мэрлеринин, өз алдынча башкаруу органдарынын кантип шайланып келгенинде эмес, анын эффективдүү иштегенинде, шааарды өнүктүрүүсүндө, алга жылдыруусунда. Аларга экономикалык жактан, финансылык жактан ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, талаптарды, жоопкерчиликти күчөтүү керек».

1995-жылы Бишкек жана Ош шаарларынын мэрин түз шайлоо демилгеси көтөрүлгөн. Ал Бишкекте ишке ашып, Ошто айрым маселелерден улам кыйынчылык жаралып, системадан баш тартылган. Түз шайлоо системасы Бишкек шаарында 2000-жылдарга чейин иштеп, мамлекеттик мекемелерди жеке менчикке өткөрүү жана башка маселелер күч алгандыктан жоюлуп кеткен.

Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстанда бир канча шайлоо өттү. Анткени менен элдин катышуусу жылдан-жылга төмөндөп баратат. Серепчилер мунун себебин элдин шайлоодон тажаганына байланыштырып келишет.

Аалы Карашев калаа башчыларын түз шайлоого системасына өтүүгө коомчулук толук даяр эмесин айтат.

«1995-2000-жылдарга салыштырганда бүгүнкү күндө коомчулуктун шайлоо маданияты, эркиндикке болгон маданияты өстү, өзгөрдү. Бирок азыр өзгөртсөк, баары жакшы болуп кетет дегенден да алыс болуу керек. Менимче, коомчулук толук даяр эмес».

Шаар мэрлерин түз шайлоо маселеси буга чейин да бир нече жолу көтөрүлгөн. Айрым активисттер, жарандар бул жаатта акцияларды да өткөрүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM