Биз менен байланышыңыз

Бишкекте табылган наристени таянесине берүү каралат

Кыска кабар | 16 Ноя 2023 | 563 | 0

Таштанды челектен табылган наристени таянесине берүү каралат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, Талас айылынын жашоочусу С.Г (таянеси) келип, небересин өзүнө алып кетүүгө даяр экенин билдирген. Бирок таянесине берүү үчүн мыйзамга ылайык шарттар жана талаптар аткарылышы керек. Ошонун негизинде бала таенесине берилет жана бул боюнча атайын жумуш жүрөт.

Учурда бала дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен камсыздалган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк беришти.

Белгилей кетсек, таштандыдан табылды деген наристеге дарыгерлер президент Садыр Жапаровдун ысымын ыйгарганын айтышкан. Бирок, ымыркайга документ берилгенде башка ысым коюлганы белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM