Биз менен байланышыңыз

Энергетика министрлиги жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды

Кыска кабар | 16 Ноя 2023 | 1090 | 0

Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Мекеме электр энергиясын үнөмдөөчү лампа колдонуу жылына 170 Квт/с үнөмдөй тургандыгын билдирет.

Керектөөчүлөр үчүн жарыкты үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жолдору:

  • Колдонуп жаткан лампаларды, айнек терезелерди чаңдан тазалап туруу;
  • Бөлмөдөн чыгып бара жатып жарыкты өчүрүп туруу;
  • Үй тиричилигин сатып алууда электр жабдуулардын энергия сарптоочу классына көңүл бөлүү;
  • Сыналгы, планшет, уюлдук телефон жана башка электр жабдуулардын кубаттагычын сууруп туруу;
  • Чаң соргучту тез-тезден тазалап туруу;

Министрлик ушундай эң жөнөкөй жолдорду аткаруу менен үй-бүлөлүк чыгымдарды азайтууга болорун эске салат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM