Биз менен байланышыңыз

Жапаров Орусиянын федерация кеңешинин төрайымын кабыл алды

Кыска кабар | 16 Ноя 2023 | 143 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн өлкөгө келген Орусиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды.

Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы парламенттер аралык кызматташууга токтолуп, Валентина Матвиенконун жеке колдоосу менен парламенттик дипломатия эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү каналына айланганын белгиледи. Жетекчиликтин жана депутаттардын деңгээлинде туруктуу байланыштар сакталууда.

Валентина Матвиенко орусия тараптын өз ара кызыкчылык туудурган бир катар чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи. Бул контекстте ал Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM