Connect with us

Бишкекте баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Кыска кабар | 16 Ноя 2023 | 316 | 0

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, «мефедрон» баңги заты табылып алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Чүй облусунун Учкун айылынын боюндагы Манас аэропорту – Бишкек шаары унаа жолунда жалпы салмагы 9 кг 980 граммды түзгөн «мефедрон» синтетикалык баңги затын алып жүргөн 42 жаштагы Ж.А.Г. аттуу жаран кармалган. Аталган заттын 1 гр базар баасы 6000 сому түзүп, жалпысынан табылган жүктүн баасы 59 млн 880 миң сомго жеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Жогоруда кармалган адам тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта да активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM