Connect with us

Бишкекте «Жашыл экономика — 2023» форуму өтүп жатат

Кыска кабар | 16 Ноя 2023 | 401 | 0

Бишкекте бүгүн, 16-ноябрда «Жашыл экономика — 2023» форуму жана «Green EXPO — 2023» көргөзмөсү өтүп жатат.

Иш-чараны JIA бизнес ассоциациясы, Экономика жана коммерция министрлиги бир катар эл аралык уюмдардын колдоосу менен өткөрүүдө.

Форум «Дасмия» этно-комплексинде саат 9:00до башталды. Анда жашыл энергетика, жашыл транспорт, туруктуу каржылоо, түруктуу өнүгүү үчүн билим берүү маселелери талкууланууда. Ага Казакстан, Өзбекстан, Япониядан келген ишкерлер да катышууда.

Green Expo көргөзмөсүндө эң акыркы үлгүдөгү «жашыл» технологиялар жана чечимдер сунушталат. Ар түрдүү ишканалардын жана банктардын стенддери коюлган.

Форум 2015-жылдан бери уюштурулуп келет. Өкмөт тарабынан 2019-жылы «Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасын 2019-2023-жылдарга карата өнүктүрүү» программасы кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM