Connect with us

Эмгек миграциясынын башкы көйгөйү талкууланды

Кыска кабар | 16 Ноя 2023 | 188 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова президентке караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешине катышты.

Өз сөзүндө министр учурда «Мекен-карталарын» чыгаруу боюнча бир топ иштер жүрүп жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө аларды Орусия, Германия, Түштүк Корея, Бельгия, Түркия, Катар, Австрия жана Түркмөнстандан келген кыргызстандыктар алганын маалымдады.

«Ошол эле учурда эмгек миграциясына кетип жаткандардын көбү балдарын бул жакка таштап кетүүгө аргасыз болуп жатканы көйгөй бойдон калууда. Бул балдар ата-энесиз чоңоюп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды толук сиңире алышпайт. Ал эми биздин милдет — Кыргызстанда иш менен камсыз болуу жана бакубат жашоо үчүн максималдуу шарттарды түзүү», — деди министр.

Баатырова биринчи кезекте мигрант балдар үчүн кыргыз тилин жана кыргыз маданиятын үйрөнүү үчүн бекер онлайн сабактарды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM