Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея жана Кытайдан унаа импортунун өсүүсүнүн сыры эмнеде?

Коом | 15 Ноя 2023 | 787 | 0

Быйыл январь-сентябрь айларында Кыргызстанга 122,5 миң жеңил унаа импорттолду. Жалпы алганда жеткирүү 4,8 эсе көбөйдү. Импорттолгон автоунаанын орточо баасы 27%га, башкача айтканда, 13,6 миң долларга чейин өстү. Кыргызстанга келген унаалар эң көп Түштүк Кореядан жана Кытайдан келген. Көп жылдан бери унаа менен алектенген ишкерлерин айтымында, бул өлкөлөрдүн унааларынын тетиктери жеткиликтүү жана арзан.

Ошондой эле Кыргызстан аркылуу башка өлкөгө да чыгып жатканын айтышууда. Анын бирден бир себеби Орусия санкцияга кабылгандан кийин, компаниялар үчүнчү өлкө аркылуу сатуу жолдорун издей башташкан.

Нурсултан Алтыбай уулу 10 жылдан бери Түштүк Кореяда жашап, окуп келет. Анын айтымында, акыркы эки жылда Түштү Кореядан Кыргызстанга унаа жөнөткөндөрдүн саны көбөйгөн. Анын бирден бир себеби Орусия санкцияларга кабылгандан кийин, көпчүлүк компаниялар ишмердүүлүгүн токтотуп, үчүнчү өлкө аркылуу киргизүү жолдорун карашкан.

“Орусияга мурда түз экспорттоо болгону менен  Орусияга каршы санкция салына баштаганда экспорттоо токтогон. Мындан улам алар үчүнчү өлкө издеп, Кыргызстанды ыңгайлуу карашкан. Азыр Түштүк Кореядан Кыргызстанга экспорттолот, катоодон өтүп, базарларда сатыла берет. Унаа менен алектенгендер былтыркы жылдын башынан баштап, ушул жылдын октябрына чейин жумуш аябай жакшы болгонун айтып жатышат. Мурда бул жакта унаа менен бизнес кылгандар 20дай эле болсо, акыркы учурда алардын саны 500дөн ашты. Алардын көпчүлүгү Кыргызстан аркылуу Орусияга жөнөтөт. Алар бул жактан бир эле кореялык унааларды эмес, башка жактын да унааларын жөнөтөт”.

ЖИА Бизнес Ассоциациясынын башкаруу Кеңешинин төрагасы Жоодар Омошев, Кыргызстанга Түштүк Кореянын унаалары көп келе жатат. Алардын баасы ыңгайлуу, тетиктери жеткиликтүү болгону менен байланыштырды. Ал аталган өлкөлөрдөн келип жаткан унаалардын баары Орусияга же башка өлкөгө чыгып кетет деген пикирге кошулбайт, бирок кайсы бир пайызы чыгат деп билдирди.

Бирок акыркы кезде базарда Орусияга чыккан унаалардын соодасы солгундап калганын белгиледи.

“Өлкөгө эң көп Түштүк Кореядан келип жатат. Ал жакта тандоо да көп, баасы да ыңгайлуу, техникалык абалы да жакшы. Ал жактан келип жаткан унаалардын баары эле Орусияга чыгып кетет дегенден алысмын, канча бир пайызы гана чыгып жаткан болчу. Бирок азыркы учурда Орусияда утилизация үчүн төлөм топтоо деген мыйзам чыгарып, Кыргызстандан жана Казакстандан унаа алып барган ишкерлерден ар бир унаа үчүн, мен жаңылбасам, 500 миң рубилден ашык алып жатышкан. Ушундан улам Орусияга унаа ташыгандардын иши токтоп калды десем болот. Бирок Орусиянын жараны өзү келип Кыргызстандын же Казакстандын базарынан алып кетсе, анда эч кандай төлөм алынбайт экен. Айтор ортомчулар акча таппасын деген максатпы, кандай экени түшүнүксүз”.

Омошев азыркы учурда Орусиянын Думасында бул мыйзамды жокко чыгаруу сунуштары каралып жаканын кошумчалады.

Ал эми ишкер Айбек Сарыгул Кытайдын Гуанчжоу провинциясындагы «Кантон» көргөзмөсүнө катышып келген. Ал дүйнөдөгү ишкерлердин бирктирген ири көргөзмө. Анда Кытай ишкерлери Кыргызстан аркылуу электрондук унааларды, электро товарларды сатууга кызыктар экенин белгиледи.

«Азыркы учурда Кытайдан Кыргызстанга ар түрдүү электроунаалар, электрондук техникалар абдан көп кетип жатыптыр. Кыргызстанга кирип, андан ары Орусияга кетип жатат. Муну баары эле маалым. Андан сырткары унааларды, электрондук техникаларды Кытай Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө сатууга кызыкдар экенин көрүп жатам. Бул жактан түз Орусия менен соода кылгысы келгендер азыраак экенин байкадым. Ошондуктан Кыргызстан аркылуу соода кылсак деген ойлору бар ишкерлер көбүрөөк экен. Ушул багытта иш алып барсак жакшы болмок деп ойлойм».

Ошондой эле эксперттер Кытайдан чыккан унаалардын баасы арзан жана кепилдиктүү экенин айтышууда.

Улуттук сатистика коммитетинин маалыматында Түштүк Корея жана Кытайдан кийинки орунда АКШ, Орусия, Жапония, Германия жана башка өлкөлөр турат.

Мындан 3-4 жыл мурда Кыргызстанга Европадан жана Жапониядан келген унаалардын саны басымдуу болчу. 2022-жылы Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга салган жапырт санкциялары унаа рыногундагы абалды кыйла өзгөрттү. Кыргыз импортунда Европа өлкөлөрүнүн, АКШнын жана Жапониянын унааларынын саны барган сайын солгундоодо.

Copyright © 2017 Maral FM