Биз менен байланышыңыз

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев дүйнө салды

Кыска кабар | 15 Ноя 2023 | 346 | 0

Коомдук ишмер, саясатчы “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын мурдагы президенти Топчубек Тургуналиев дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. Жогорку билимди Москвадагы Мамлекеттик маданият институтунда алып, кандидаттык диссертациясын Москва мамлекеттик университетинде жактаган.

Тургуналиев 1990-жылдардагы коомдук-саясий окуяларга активдүү катышып, ошол кездеги Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДК) уюштуруучулардын бири, тең төрагасы болгон. “Эркиндик” партиясын түптөп, аны көп жылдар бою жетектеген.

Ал 2019-жылдан 2021-жылга чейин «Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясын жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM