Бишкек шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасы 530 жаңы контейнер сатып алды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Бирок алардын баасы көрсөтүлгөн эмес. Мэриянын маалыматына караганда, шаардын төрт районуна 82 контейнер таратылып, ар бири ар башка түскө боёлот. Калган 202 жаңы контейнер кайда кетери айтылган жок.
«Тешилген, сынган же өрттөлгөн контейнерлер да оңдолот. Борбор калаада таштанды үчүн 5 миңден ашык контейнер бар. Алар акыркы жолу 2015-жылы жаңыртылган» , — деп айтылат маалыматта.